Биз менен байланышыңыз

Apple компаниясы «Айфонду» бузган хакерге 1 млн доллар төлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 1242 | 0

Apple компаниясы iPhone, Apple Watch, iCloud  гаджеттеринен кандайдыр бир катачылык тапкан хакерлерге сый акы төлөп берет. Башкы байге – 1 миллион доллар.

Apple’дин мурдагы кызматкери Даниель Депптин айтымында, бул продуктуну текшерүүнүн жолу. Компания жаңы инновациялык каражат иштеп чыгууну көздөп жатышы ыктымал. Жаңы технологияда ката кетирбөө жана тишин тиреп турган конкуренттерге жол бербөө үчүн алдын ала аракеттерди кылууда.

Депп белгилегендей, компания мындай кадам аркылуу 2 коёнду бир ок менен аткан болот:

1) Программалык катачылыктарды табат;
2) Хакерлерге иштеп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ал, башка гаджеттерди иштеп чыгууда катачылык болушу мүмкүн, бирок iCloudду бузуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Apple сыяктуу ири компаниялар программадагы кемчиликтерди ички кызматкерлер менен өз алдынча табууда кыйналат. Себеби, компания канчалык чоң болсо, “ката” ошончолук көп. Даниель Депп, компаниядагы кызматкерлер көптүгүнөн, баарын эстеп калуу кыйын болгондуктан, Стив Жобс 100дөн ашык программист иштеген бул бөлүмдү башкарудан баш тартканын эске салды. Мурда компания чакан болгондуктан, чыгарылган каражаттар да сапаттуу болгон. Учурда Apple’де миллиондогон адам иштейт.

Хакерлерге мындай сунуш алгач ирет түшүп жаткан жок. Telegram чыкканда Павел Дуров ушундай сунуш киргизген, бирок эч ким аны талкалап кире алган эмес. Бул кадам менен ал Telegram коопсуз, аны бузуп кирүүгө мүмкүн эместигин далилдеген. Microsoft да ушундай аракетти колдонгон. Депптин айтымында, WhatsApp болгондо хакерлер 1,5 секундада эле бузуп кирмек. Ошон үчүн Facebook менен WhatsApp мындай ыкманы колдонбойт.

Copyright © 2017 Maral FM