Биз менен байланышыңыз

«Майкрософт» Кытайды киберчабуулдар үчүн айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 809 | 0

«Microsoft» компаниясы кытайлык хакерлердин тобун почта серверлерине кол салган деп айыптады. Бул тууралуу «VVS» телеканалы билдирди.

Компания хакерлер мамлекет тарабынан каржыланган «Hafnium» тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүн деген божомолун айтууда.

Хакерлер «Microsoftтун» программалык камсыздоосундагы кемчиликтерди пайдаланып, электрондук почта даректерин бузуп киришкен.

Буга чейин «Hafnium» тобу жугуштуу ооруларды изилдөөчүлөргө, юридикалык фирмаларга, жогорку окуу жайларына, коргонуу агенттиктерине, саясий талдоо борборлоруна жана өкмөттүк эмес уюмдарга киберчабуул жасаганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM