Биз менен байланышыңыз

АКШ эки хакер тууралуу маалыматка 2 млн $ сыйлык жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 559 | 0

АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинанын жарандары Артем Радченко менен Александр Ерёменкону колго түшүрүү үчүн берген маалымат үчүн 2 миллион доллар өлөмүндөгү сыйлык жарыялады.

Алардын ар бири үчүн 1 миллион доллар сыйлык дайындалды. Алар «трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, айрыкча, кибер кылмышка катышкандыгы үчүн» издөөгө алынган.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө, АКШнын Жашыруун кызматы тергөө жүргүзүп жатат.

2020-жылы январда Радченко менен Ерёменко 16 жолу алдамчылык фактысы боюнча айыпталган.

Алар Коопсуздук жана алмашуу комиссиясынын маалымат тутумун бузуп, миңдеген файлдарды уурдап, сатышкан.

Copyright © 2017 Maral FM