Биз менен байланышыңыз

Microsoft Илон Масктын компаниясы үчүн суперкомпьютер чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 мая 2020 | 745 | 0

Microsoft Илон Масктын компаниясы үчүн суперкомпьютер иштеп чыгарды.

Компьютер төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: CPU core — 285,000, GPU — 10,000 графикалык процессорлор жана ар бир GPU-сервери үчүн секундасына 400 гигабиттик тармак сыйымдуук.

Microsoft дүйнөдөгү эң күчтүү беш суперкомпьютердин бирин жараткан. Бул тууралуу Microsoft Build конференцияда айтылды.

Жаңы суперкомпьютер OpenAI коммерциялык эмес изилдөө уюму үчүн иштелип чыккан. Уюмдун негиздөөчүлөрү SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск жана Y Combinato венчурдук фондунун мурдагы башчысы Сэм Алтман.

Microsoft суперкомпьютери Azure булут платформасына негизделген.

Суперкомпьютер ар кандай моделдер жана AI-алгоритмдер үчүн маалыматтарды эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM