Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтс канализация жана суусуз иштеген унитаз чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 865 | 0

Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс Кытайдагы жаңы технологиялардын көрсөтмөсүндө канализацияга туташпастан суусуз иштеген унитаздын бет ачарын жасады. Бул жаңы технологиянын иштеп чыгуусуна Гейтстин кайрымдуулук фонду 200 миллион доллар короткон.

Унитаз катуу жана суюк таштандыларды бөлүп, атайын бөлүкчөдө сактоочу өзгөчөлүккө ээ. Бул санитардык жана гигиеналык жактан пайдалуу болорун айтууда. Бирок турмуштук колдонууга ылайыкталуусу үчүн дагы 200 миллион короторун айтты.

Фонддун маалыматында, жылына дүйнө жүзү боюнча 500 миңдей жаш бала санитардык жана гигиеналык нормалардын сакталбаганынан улам көз жумат.

 

Copyright © 2017 Maral FM