Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтстин 2020-жыл үчүн жыйынтыктаган 5 китеби (тизме)

Блог , Дүйнө | 16 Дек 2020 | 2330 | 0

«Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жыл сайын бир жыл ичинде окуган китептеринин арасынан өзүнө жаккандарын окурмандарга да сунуштап турат. Бул жылы да ал өзүн таасирленткен окуялар жана китептер тууралуу жазды.

«2020-жыл оор жылдардан болду. Быйыл китепкөйлөр ар кандай тармакта китеп окууга мүмкүнчүлүк алды. Мен бул жолу «Афроамерикалыктардын жашоо маңызы» (Black Lives Matter) сыяктуу адилетсиздикке каршылык аракеттери менен коштолгон оор темаларга сүңгүгүм келди. Кээде болсо башка багыттарда, күн соңунда жеңил темаларга токтолуп жаттым. Натыйжада, көптөгөн сонун китептерди окуп чыктым. 2020-жыл аяктап жатканда ар кандай тармактагы 5 китепти мен сиздерге сунуштайм. Жылды жакшы маанайда жыйынтыктоо үчүн өзүңүзгө жаккан китепти таба аласыз деген үмүттөмүн», — дейт Билл Гейтс.

1. Жазуучу Мишель Александердин «Жаңы Жим Кроу: Дальтонизм доорундагы жапырт туткундоо» китеби

Китепте ак түстүүлөрдүн башка расаларга жасаган адилетсиз чабуулу, аларды куугунттуктоосу жазылган. Айрыкча жапырт туткундалган афроамерикалыктар тууралуу кенен баяндалат.

«Китепти окуп, чечим чыгарууда адилет мамиле кылып, аялуу коомчулукту коргоого көбүрөөк инвестиция салуубуз керектигин түшүндүм», — дейт Гейтс.

2. Дэвид Эпнштейндин «Диапазон: Адистешкен дүйнөдө эмне үчүн универсалдар жеңип чыгат?» китеби  

(Range: Why Generalists Triumph in a Specialized World)

Китепте «ой-жүгүртүүсү кенен, тажрыйбалуу жана ар кандай тармакты мыкты билгендерге» коюлган талаптын күчөшү тууралуу айтылат.

Анда профессионал теннисчи Рожер Федерерден тартып, кансыз согуш доорунда советтик маселелер боюнча эксперттерге чейин мисалдар келтирилген.

«Китеп «Майкрософттун» айрым жетишкендиктерин түшүндүрүүгө жардам берет. Себеби биз өзүнүн тармагында жана башка бардык тармакта мыкты билимге ээ болгон адамдарды жалдаганбыз. Эгер сиз кенен тармактын эксперти болуп туруп, бирөөлөр сизди тар чөйрөгө кысып койгондой сезип жатсаңыз, анда китеп сиз үчүн», — деди Гейтс китеп тууралуу айтып жатып.

3. Жазуучу Эрик Ларсондун «Улуулар жана жийиркеничтүүлөр: Блиц бороону маалындагы Черчилль, үй-бүлө жана баш ийбестик күүгүмдөрү» китеби 

(The Splendid and the Vile: A Saga of Churchill, Family, and Defiance During the Blitz)

Китепте 1940–1941-жылдарда Англияны бомбалоого алган немец аскерлеринен качып, караңгы түндөрүн жер төлө менен метро станцияларда өткөргөн англичандардын абалы баяндалат.

Чынында бул жылдар коркунучтуураак болсо да, англичандар сезген коркуу менен убайым COVID-19 пандемиясы доорундагы биздин абалыбызды эске салат. Ларсон кооптуу уруш учурунда карапайым калктын жашоосу кандай болгонун ачык сүрөттөйт.

Эрик Ларсон бул китепте кризистен чыгып кеткен Уинстон Черчилль жана анын кеңешчилери сыяктуу бир катар британ жетекчилеринин жашоосу тууралуу да баяндап берет.

4. Бен Макинтайрдын «Ушакчы жана саткын: Кансыз согуш маалындагы өзгөчө тыңчылык баяны» китеби

(The Spy and the Traitor: The Greatest Espionage Story of the Cold War)

Документалдуу чыгарма британдарга агенттикке жалданган СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин офицери Олег Гордиевский жана аны сатып кеткен америкалык саткын Олдрич Эймс тууралуу болот. Автор чыгарманы жаратууда батыштын булактарына гана таянбастан, Гордиевскийдин өзүнөн, орус булактарынан да маалымат алып жазган.

5. Биджал П. Тривединин «Туздуу дем алуу генетикалык оорулардын дарысы, илимдеги жаңы доор, медицинаны өзгөрткөн бейтаптар менен үй-бүлөлөр» китеби 

(Breath from Salt: A Deadly Genetic Disease, a New Era in Science, and the Patients and Families Who Changed Medicine)

Чыгармада бейтаптардын жашоосун жакшырткан илимдеги өзгөчө жаңылыктар боюнча айтылат. «Мен жеке өзүм жогоруда аталган китептеги дарыларды колдонуп жакшы болгон үй-бүлөлөрдү тааныйм. Менин оюмча жакынкы келечекте мындай китептер дагы көбөйөт. Себеби биомедицина өтө тездик менен өнүгүүдө», — деп билдирген «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс.

Copyright © 2017 Maral FM