Биз менен байланышыңыз

Илон Маск байлыгы боюнча Билл Гейтсти ашып өтүп, экинчиликке чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 582 | 0

Америкалык ишкер, ойлоп табуучу, «Tesla», «SpaceX» компанияларынын  негиздөөчүсү Илон Маск байлыгы боюнча «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтсти ашып өтүп, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде экинчи орунга көтөрүлдү.

«Bloomberg’деги» миллионерлер индексинде көрсөтүлгөндөй, Масктын байлыгы 127,9 миллиард долларды түзгөн.

Билл Гейтс 127,7 миллиард долларга бааланган капиталы менен үчүнчү орунга түштү.

Рейтингде мурдагыдай эле биринчи орунда 182 миллиард доллар байлыгы менен «Амазондун» башчысы Жефф Безос турат.

Ошондой эле дүйнөлүк миллиардерлердин алдыңкы бештигине «Louis Vuitton Moët Hennessy» тобунун президенти Бернард Арно жана «Facebook’тун» негиздөөчүсү Марк Цукерберг кирген.

Copyright © 2017 Maral FM