Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Билл Гейтс кырдаал курчуй тургандыгын эскертти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 787 | 0

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска байланыштуу кырдаал курчушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу «Fox Business» жазат.

«Күз жай мезгилине салыштырмалуу кыйла начар», — деди Гейтс.

Анын айтымында, учурда оору көбөйүп баратат жана адамдардын суукта үйдө көбүрөөк убакыт өткөрө башташы оорунун дагы көбөйүшүнө алып келет.

Вакцина чыкканга чейин вируска каршы күрөшүүнүн бир гана жолу бар — бул: беткап тагуу.

«Тилекке каршы, адамдар чарчашат, көпчүлүк адамдар буга терс көз карашта болушат. АКШда беткап тагынуу андан да жаман», — деди ал.

Гейтс буга чейин коронавирус пандемиясы 2022-жылы токтой турганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM