Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтс климатты сактоо үчүн 2 млрд доллар бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 735 | 0

«Microsoft» корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс алдыдагы беш жылда глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы турууга багытталган стартаптарга жана долбоорлорго 2 миллиард доллар инвестиция салууну пландаштырууда. Бул тууралуу ал «Handelsblatt» менен болгон маегинде билдирди.

Гейтстин айтымында, өлкөлөр климатты коргоо боюнча изилдөөлөргө сарптоолорду кеминде беш эсе көбөйтүп, ал жылына 110 миллиард долларды түзүшү керек.

«Биз физикалык-экономиканы тездик менен өзгөртүүбүз керек», — деп баса белгиледи ал.

Миллиардердин пикиринде, дүйнөлүк өнөр жай өзөктүк энергиядан баш тартпашы керек. Анткени күн жана шамал сыяктуу альтернативдүү энергия булактары электр энергиясына болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн жетишсиз.

Келечектин дагы бир альтернативдүү энергиясы — суутек отуну. Аны колдонуп, цемент жана болот өндүрүшүндө парник газдарынын бөлүнүп чыгышын бир кыйла кыскартууга болот.

Планетанын экологиялык абалы жөнүндө сөз кылып, Гейтс климатты суу толтурулган ваннага салыштырды.

«Кранды суу тамган жерге чейин жапсак дагы, бир күнү ванна ашып кетет». — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM