Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтс: Коронавирустан кийин да эки апаат келиши ыктымал

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1792 | 0

«Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс пандемиядан кийин адамзат климаттык өзгөрүүдөн жана биотеррордон жабыр тартышы ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу миллиардер жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирди.

«Адам баласы кабылуучу эки жагдайдын бири — климаттык өзгөрүү. Мындай абалга дүйнө жүзү азырынча даяр эмес. Бул фактордун таасиринде адамдын өлүмү пандемияга салыштырмалуу көп катталышы мүмкүн. Ал эми экинчи жагдай — биотеррорчулук. Мында кимдир бирөө адамдарга залал келтирүүнү кааласа, ал үчүн вирус ойлоп табышы ыктымал», — деген Билл Гейтс.

Гейтс, бул жагдай адамзатка чоң зыян келтириши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM