Биз менен байланышыңыз

Илон Маск Техаста жаңы шаар курат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 701 | 0

Дүйнөнүн эң бай адамдарынын алдыңкы сабында турган америкалык ишкер, «Tesla» жана «SpaceX» компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Техаска жаңы шаар курат. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

«Мен Старбэйз (Starbase), Техас шаарын курам», — деди ал.

Ишкердин айтымында, бул шаар «SpaceX» космодрому жайгашкан Бока-Чика айылынан алда канча чоңураак аймакка ээ болот. Мындан тышкары Маск бул шаарда иттерге абдан жакшы мамиле жасала тургандыгын, шаар лидери «Дожа» (италиялык «doge» сөзүнөн алынган, англисче «dog» — ит) деген наамды алып жүрөт деп белгиледи.

Өткөн жылдын аягында Маск Калифорниядан Техаска көчүп кеткенин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM