Биз менен байланышыңыз

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарына кирди

Америкалык ишкер, ойлоп табуучу, инженер жана миллиардер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарына кирди. Мындай жыйынтыкты Forbes журналы чыгарды.

Анын байлыгы 70,8 млрд доллар деп бааланууда. Масктын материалдык деңгээлинин өсүшү анын компаниясы болгон Teslaнын акциялары кескин түрдө кымбаттаганына байланыштуу болгон.

Учурда Маск планета боюнча эң бай адамдардын 8-сабында турат. Алгачкы үчтүккө Amazon интернет компаниясынын түзүүчүсү Жефф Безос, жана адеми жана люкс буюмдарды өндүрүүчү көп улуттуу франциялык Луи Виттон (Louis Vuitton) компаниясынын президенти, бизнесмен-миллиардер Бернар Арно жана Билл Гейтс кирет.

Copyright © 2017 Maral FM