Биз менен байланышыңыз

Crew Dragon Эл аралык космостук станцияга туташты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 684 | 0

Ишкер Илон Масктын «SpaceX» корпорациясы учурган Crew Dragon кемеси Эл аралык космостук станцияга ийгиликтүү туташты.

Кемедеги эки астронавт — Дуглас Херли жана Роберт Бенкен космос станциясынын бортуна отурушту.

Алардын Жер орбитасында канча убакыт тураары азырынча белгисиз. Бирок Crew Dragon кемеси 4 айдан ашык убакытка орбитада калбайт.

Эки космонавтты станцияда америкалык Крис Кэссиди, орусиялык Анатолий Иванишин жана Иван Вагнер тосуп алышты.

Биринчи этаптын аякташы — кемени ЭКСге автоматтык түрдө туташтыруу SpaceXтин Yutube каналында да көрсөтүлдү.

Crew Dragon 30-майда Флоридадан Falcon 9 учуучу ракета менен орбитага чыгарылган. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:22де учкан экипаж Эл аралык космостук станцияга саат 19:00дө жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM