Connect with us

«Crew Dragon» космос кемеси Жерге кайтып келет

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 491 | 0

АКШнын «Crew Dragon» космос кемеси Эл аралык космостук станциядан автоматтык түрдө бөлүнүп, бортунда астронавттар Дуглас Херли жана Роберт Бенкен менен Жерге кайтып келет. Бул тууралуу NASA билдирди.

Орусиялык астронавттар Анатолий Иванишин, Иван Вагнер жана америкалык Крис Кэссиди ЭСКде калышты.

NASA быйыл аял космонавт Кэтлин Рубинзди станцияга жөнөтүүнү пландаштырууда.

Рубин «Союз MS-17» космостук кемесин октябрь айында учурууга пландаштырылган. 2020-жылы NASA «Союздагы» бир орун үчүн Роскосмоско 90 млн доллар төлөйт.

Эске салсак, 30-майда «Crew Dragon» Флоридадан Falcon 9 учуучу ракета менен орбитага чыгарылган. Июнда Crew Dragon кемеси Эл аралык космостук станцияга ийгиликтүү туташкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM