Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң кымбат автоунаа компаниялары (ТОП-5)

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 1042 | 0

Америкалык ишкер Илон Масктын Tesla компаниясынын акциялары жарым жылдын ичинде 2,5 эсе кымбаттап, компаниянын капиталы 190 млрд долларга жетти.

Бул көрүнүш «Тесланы» дүйнөдөгү эң кымбат автоунаа компаниясына айландырды. Учурда аталган компаниянын акциялары миң доллардан ашык. Эксперттер муну Кытайда электромобилдерге болгон талаптын жогорулашы менен байланыштырууда. Жыл башында эле «Тесланын» бир акциясы 420 доллар болчу. Азыркы тапта 1025 доллар.

Экинчи орунду Япониянын Toyota компаниясы 182 млрд долларлык капиталы менен ээледи. 3-орунда Германиянын Volkswagen компаниясы, 75 млрд долларлык капиталы менен турат.

4-орунда кайрадан эле япониялык Honda компаниясы. Анын капиталы 48 млрд доллар деп бааланууда. Ал эми 5-орунда немис компаниясы Daimler AG турат. Анын капиталы 41 млрд доллар.

Автоунаа боюнча адистердин пикиринде, Tesla акциялары Кытайдагы электромобилдерге болгон жогору талаптан улам көтөрүлгөн. Ошондой эле  Teslaнын Шанхайда завод ачуусу мүмкүн  экендиги да буга таасир берген. Эгер аталган завод ачылса, жыл аягына чейин 100 миң электромобиль ишке киргизүүсү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM