Биз менен байланышыңыз

Илон Маск дүйнөдөгү эң бай беш адамдын тизмесине кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 760 | 0

Америкалык ишкер, ойлоп табуучу, инженер жана миллиардер Илон Маск дүйнөдөгү эң бай 5 адамдын катарына кирди. Мындай жыйынтыкты Forbes журналы чыгарды.

Америкалык бизнесмен, «Tesla» жана «SpaceX» компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы 74 миллиард 2 миллион долларды түзгөн. Акыркы суткада Илон Масктын кирешеси 5 миллиард 1 миллион долларга өскөн. Масктын материалдык деңгээлинин өсүшү анын компаниясы болгон Teslaнын акциялары кескин түрдө кымбаттаганына байланыштуу болгон.

«Forbes» журналынын версиясы боюнча алдыңкы бештиктен орун алган эң бай адамдар:

— «Amazon»компаниясынын директору Жефф Безос, анын байлыгы 189 миллиард доллар;

— «Louis Vuitton Moet Hennessy» компаниясынын генералдык директору Бернар Арно жана анын үй-бүлөсү. Алардын байлыгы 113 миллиард 8 миллион доллар;

— «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Анын байлыгы 113 миллиард 4 миллион доллар;

— «Facebook» компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Анын байлыгы 90 миллиард 3 миллион доллар.

Эске салсак, буга чейин Илон Маск дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарына киргени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM