Биз менен байланышыңыз

Microsoftтун негиздөөчүлөрүнүн бири Пол Аллен дүйнөдөн кайтты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 858 | 0

1970-жылдары Билл Гейтс менен бирге Microsoftту негиздеген америкалык миллиардер жана филантроп Пол Аллен 65 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын үй бүлөсү ЖМКга кабарлады.

Өтүшүп кеткен онкологиялык оорунун себебинен көз жумган ишкер акыркы кездери ракка каршы дарылоо курстарынан өтүп жүргөн болчу.

Эске сала кетсек, Билл Гейтсти Гарварддагы окуусун таштап IT индустриясында «жылдыз» болчу Microsoft менен алектенүүсүн сунуш кылган дал ушул Аллен болчу. Ортодогу келишпестиктерден улам 1983-жылы компаниянын башкаруусунан чыгып кеткен. Бирок акциялык үлүшүн сактап, 2000-жылдарга чейин компаниянын башкаруучулар кенешинин мүчөсү болуп турган.

Карындашы Жоди Аллендин айтымында, ал башкалар үчүн ийгиликтүү ишкер жана кайрымдуулук менен алектенген киши болсо, бир туугандары үчүн сүйүктүү жана камкор ага болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM