«Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркын уюштуруу жөнүндө» мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Анын эң башкы максаты өлкөдө программа түзүү боюнча компанияларды ачык каттоодон өткөрүү, ачык экономикага чыгаруу болуп эсептелет. Буга байланыштуу 2013-жылы Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы уюштурулган. Учурда мекеменин карамагында 97 ишкана жана 700дөй адис бар, алардын эмгегинин дээрлик 90%га жакыны чет өлкөгө экспорттолот.
2020-жылы аталган мекеменин резидент компанияларынын товар жүгүртүүсү 1 млрд 165 млн 953 миң 194 сомду түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 20%га (965 миллион сомго) жогору болду. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын директорунун милдетин аткаруучу Чубак Темиров билдирди.
«Негизи, 2020-жыл баарыбызга оор жылдардан болду. Анан албетте, биздин парктагы резидент компанияларга да таасирин тийгизди. Бирок ага карабастан, 1 млрд сомдон ашык киреше таптык. Тагыраак айтсак, киреше 1 млрд 165 млн 953 миң 194 сомду түздү. Жогорку технологиялар паркы жыл ичинде мамлекетке 38 млн 295 миң 410 сом (4 млн 142 миң 965 АКШ доллары), киреше салыгына 21 млн 534 миң 221 сом, социалдык чегерүүлөргө 16 млн 761 миң 189 сом төлөгөн».
Кирешенин өсүшүнө мүчө компаниялардын көбөйгөнү да себеп болгондой. Анткени 2018-жылы Жогорку технологиялар паркында 40тай резидент болсо, 2019-жылы алардын саны 81ге жеткен. Ал эми пандемияга байланыштуу 2020-жылы дагы 16 резидент кошулган. Учурда мекемеге караштуу 97 резидент компания бар. Алар кирешесин негизинен чет өлкөгө экспорттоодон табышат.
«Эң маанилүүсү экспорт көбөйүп, булактарынын 88%ы экспортко, 6%ы жергиликтүү компанияларга жумшалды. Мамлекеттик сатып алуулар 1,3%ды түздү. Бардыгы болуп 2020-жылы АКШга — 22,1%, Казакстанга — 16,3%, Орусияга — 10,8% товар экспорттолгон. Мындан тышкары Кытайга, Улуу Британияга, Японияга, Сингапурга, Австралияга, жалпысынан 30дан ашык өлкөгө экспорттоо болгон», — деди Темиров.
Жогорку технологиялар паркында катталган компаниялар IT тармагындагы бардык кызматтарды көрсөтөт. Бирок көпчүлүгү программалоо менен байланыштуу экенин айткан Чубак Темиров резиндент компаниялардын кызматтары туралуу буларга токтолду:
«Биздин кирешебиздин 60%ы программа түзүү жана программа сатуудан түшөт. Башкача айтканда, резиденттерибиз негизинен ушул багытта иш алып барышат. Экинчиси, азыр бизде аябай өнүгүп келе жаткан тармак — компьютерде түзүлгөн анимациялар. Бул — «YouTube» аркылуу иштеген ишкерлерибизге тиешелүү. Алар компьютерде балдарга же чоңдорго ар кандай мультфильмдерди тартып, киреше табышат. Үчүнчүдөн, интерактивдик сервистерди жаратабыз. Call-center — байланыш борборлору мурда телефон менен гана тейленсе, азыр интерактивдүү тейленип калды. Тагыраагы, компьютерден, смартфондон да тейленет, ишкерлерибиз мына ошол системаларды башкарууну камсыз кылат. Төртүнчүсү, техникалык колдоо же камсыздоо тармагы, калгандары IT тармагына тиешелүү башка кызмат көрсөтүү».
Кеп болуп жаткан парк биринчи кезекте IT тармагында иштеген мекеме-компанияларга салык жагынан жеңилдик алып берүүнү максат кылат. Ошондой эле бул тармакта иштеген компаниялардын киреше-чыгашасын эсепке алууну жана аларды көмүскө иштөөдөн чыгарууну көздөйт.
Программисттерде алдыңкы жылдарга карата дымак да чоң, мүмкүнчүлүк да кеңири. Бирок бул үчүн өлкөдө миңдеген программист болушу керек. Окуу жайлары, атайын борборлор жана кайра эле ушул компаниялар жүздөгөн адистерди окутуп чыгышы зарыл.
«Жогорку технологиялар паркында эле миңдей IT адиси иштеп жатат. Биздин парктын максаты — ушул сферада 2024-жылы минумум 10 миң адисти үйрөтүү, ал эми 2030-жылга карата кеминде 50 миң иш орун ачып берүү. Буюрса, келечекте Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдөн бирден программист чыгарууга жетишүүбүз керек, дагы секирик жасашыбыз керек. Азыр бир миллиард сомдон ашсак, 2030-жылы биз бир миллиард доллар киреше табууга жетишүүбүз шарт», — дейт директордун милдетин аткаруучу.
Акыркы убакта чет жакта иштеген кыргызстандыктардын арасында да IT тармагын кесип кылгандар көбөйдү. Алардын алды «Google», «Microsoft» сыяктуу ири компанияларда иштеп келсе, арты өз алдынча фирма ачып, дүйнөлүк деңгээлдеги компаниялар менен атаандаш болуп жаткан кези. Чет жердеги биздин адистер мекендештерин ушул тармакта окутууга, ушул иштерге тартууга жардам берип келишет. Ошол эле учурда өлкөгө да ири каражат жөнөтүшүүдө.