Биз менен байланышыңыз

Apple корпорациясынын наркы бир күндө 180 млрд долларга арзандады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 487 | 0

Өткөн жумадагы соодада ​​Apple компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы 8 пайызга түшүп, дээрлик 180 миллиард долларды түздү. Barrons басылмасы жазгандай, бул — АКШ базарынын тарыхындагы компаниянын наркынын рекорддук төмөндөшү.

Бирок ага карабастан, Apple компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы дагы эле 2 триллион доллардан ашык.

Мындан сырткары, «Фейсбуктун» акциялары 3,8 пайызга төмөндөгөн.

Ал эми Alphabet холдингинин акциялары 5,1 пайызга, Amazon.com 4,6 пайызга, Netflix 4,9 пайызга жана Microsoft 6,2 пайызга төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM