Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан мындан ары «Google» баштаган интернет компанияларга салык салат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 735 | 0

Өзбекстан Республикасы жаңы салык кодексине ылайык, интернет-кызмат көрсөтүүчү технологиялык компанияларга салык салып баштайт. Аталган кодекстин долбоору Өзбекстан Салык кызматынын порталына жарыяланды.

Долбоорго ылайык, эми онлайн соода жүргүзүүчү, түз эфир кызматтарын көрсөтүүчү, издөө системасына ыңгайлашкан, статистикаларды чыгарып, жарнамаларды берүүчү интернет компанияларына салыктар киргизилет. Тактап айтканда, Google, Яндекс, Alibaba, Netflix компаниялары мындан ары Өзбекстан Салык кызматына салык төлөп баштайт. Ошондой эле компаниялар 2020-жылдын 1-январынан тарта салык бөлүмүнө катталып, ай сайын отчет берип турушат.

Орусия чет элдик интернет-компанияларга салыкты 2017-жылы киргизген. Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрү да интернет-компанияларга салык киргизүү оюн билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM