Бүгүн Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулаган парламенттик угуу өткөрдү. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнес-бирикмелердин өкүлдөрү катышты. Парламенттик угууда Кыргызстандын салык саясатындагы негизи маселелер көтөрүлүп, бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнөн бир катар сунуштар айтылды. Жаңы салык кодексинин максаты жана өзгөчөлүктөрү боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.
Жаңы салык кодексинин максаты жана милдети салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштыруу, салык төлөөнү санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу болуп саналат. Азыркы иштеп жаткан Салык кодекси 10 жылдан бери колдонулуп келет. Бул аралыкта ага 130дан ашык өзгөртүү киргизилген. Буга чейин жаңы салык кодекси Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынып, концепциясы жактырылган.
Аталган мыйзам долбоору парламентке келгенден кийин депутаттардан жана ишкерлерден 30 жакын сунуш түшкөнүн экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров билдирди.
«Азыр да сунуштар келип түшүүдө. Парламенттик угуунун негизги максаты: Салык кодексин кеңири талкуулап, иштеп чыгуу. Парламенттик угуунун жыйынтыгында көпчүлүктүн жактыруусу аркылуу каралып жаткан маселе боюнча рекомендация кабыл алынат».
Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча баяндама жасоодон мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев учурдагы кээ бир статистикалык маалыматтарга токтолду. Анын айтымында, көмүскө экономиканын деңгээли жогорку бойдон калууда. Расмий маалыматтарга караганда, акыркы жылдары анын көлөмү ички дүң продукциянын 25%ын түзүүдө. Ал эми көз карандысыз эксперттердин айтымында, көмүскө экономика ИДПнын 40%ын түзөт.
«Салык кызматынын маалыматы боюнча учурда 500 миңден ашуун ишкана иштеп жатат. 2019-жылы жалпы салыктардын суммасы 84 млрд сомду түзгөн. Ошондо карап көрсөңүздөр, ири салык төлөөчүлөр 2814 ишкана болуп, алар жалпы салык төлөөчүлөрдүн 0,6%ын түзөт. Ошол эле мезгилде жалпы салык кызматы чогулткан салыктардын 81,4%ын түзүп келүүдө. Ал эми 2876 ишканадан турган орточо салык төлөөчүлөр 4 млрд 600 млн сомдон ашык салыктарды камсыз кылып, жалпы салык төлөөчүлөрдүн 0,6%ын гана түзөт. Алар салыктардын 5,6%ын камсыз кылат. Калган 500 миңден ашуун ишкана чакан салык төлөөчүлөр болуп эсептелип, 10 млрд 900 млн сом салык төлөнүп жатат. Же болбосо чакан бизнес жалпы салык төлөөчүлөрдүн 98%ын түзүп, мамлекеттик кирешелердин 13%ын алып келип жатат».
Бекболот Алиев ошондой эле эгерде кабыл алынса, 2022-жылдан тартып күчүнө кире турган салык кодексинде төмөндөгүдөй ченемдер жана чаралар каралганын айтты:
- Салык системасын турукташтыруу, бизнес, инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өздөрү үчүн ишкердикти пландоо максатында жылына бир жолудан көп эмес сунушталууда;
- Салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында салык кодексинин ченемдеринин ортосунда болгон карама-каршылыктар же салыктык укук мамилелерди жөнгө салуу үчүн «зарыл болгон ченемдер жок учурларда салык кызматы же сот органдары салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алат» деген принцип кирген, ушул принципти ишке ашыруу тиешелүү салык кодексин жаңы редакциясында каралды;
- Салыктык талаш-тартыштарды азайтуу жана салык төлөөчүлөргө оң чечимдерди жогорулатуу максатында салыктык укук мамилелердин катышуучусу, эгерде ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу түрүндөгү түшүндүрмөсү боюнча салыктык милдеттемени эсептеп чыкса, салыктык укук бузууну жасоого күнөөлү эмес деп таанылып, «туумдар жана санкциялар колдонулбайт» деген ченем кирди.
Алиев кошумчалагандай, Салык кодексинин жаңы редакциясы пандемиядан кийин экономиканы тез арада ирдентүү максатында жазылган.
Парламенттик угууга Кыргызстандагы ишкерлердин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жак катары (Бизнес-омбудсмен) Робин Орд-Смит да катышып, азыркы салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын түшүнүп жатканын белгилеп, бардык өлкөдө салыктык мыйзамдар көйгөлүү жана маанилүү экенин айтты.
«Ошондуктан Кыргыз Өкмөтүнүн акыйкат жана баарына бирдей мамиле жасоо менен каражат чогултуу аракетин колдойм. Салык кодекси боюнча биздин мекеме берген сунуштардын бир нечеси кабыл алынганына ыраазычылык билдирем. Биз үчүн өзгөчө маанилүү болгон эки маселеге көңүлүңүздөрдү бурайын дедим. Биринчиси, салык органдарынын чечимдерине каршы апелляцияларды берүү маселеси. Бул менин мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгын жогорулатуу боюнча милдетиме дал келет. Салык кодексинде «салык органынын жетекчиси салык төлөөчүлөр менен алардын өтүнүчү боюнча түздөн-түз жолугушууга милдеттүү эмес» деген жобо бар. Дагы бири: «ушундай салыктык апелляцияларды кароо апелляцияны берген адамдын катышуусусуз өтүшү мүмкүн» деген жобо бар. Менимче, бул табигый акыйкаттыктын принциптерине дал келбейт».
Ошондой эле ал салык боюнча тиешелүү маалымат алуу беренесинде бизнес-акыйкатчынын ролу белгиленбей калганын эске салды. Буга байланыштуу жеке адамдардын жана ишканалардын кызыкчылыктарын коргоо учурунда салык боюнча маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып берүүнү суранып, Бизнес-акыйкатчы институтунун кызматкерлери соттук отурумдарга жана териштирүүгө катышуу укугун алышы керектигин айтты.
Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков жаңы салык кодексинде бир канча жагымдуу өзгөрүүлөр бар экенин белгилеп, бирок кайрадан иштелип чыгышы керек болгон бир канча жагдай да бар экенин айтты. Анын айтымында, жаңы салык кодекси жазалоо жана көзөмөлдөөө ыкмаларына негизделип жазылган, документтер чийки бойдон кабыл алынса, терс көрүнүштөргө алып келе турганын белгиледи. Ошондой эле Сыдыков жаңы салык кодексине 10 сунуш берди.
«Биринчиден, салыктык санкциялар боюнча 163-берене эгерде мурунку салыктык санкцияларда жылдык кирешеси 2%дан ашпаган учурда колдонулбай калса, азыркысында колдонулат. Каралган жеңилдетүү жөн гана салык төлөөчү ошол милдеттемени алса, ошондо гана колдонулат, болбосо колдонулбайт. Демек, салыктык отчеттордо майда-чүйдө каталар болсо, 100%га чейин туум эсептелиши мүмкүн. Салык төлөнсө да, отчету туура эмес берилсе, же аванс болсо да, ошол туум 100%га чейин колдонулмакчы. Бул — ушундай жазалоого багытталган иштердин бири. Экинчиден, салык кызматына эбегейсиз ыйгарым укуктар берилип жатат. Бул — ыкчам иликтөө жана алдын ала иликтөө жүргүзүү укуктары. Демек, укук коргоо органдарынын кээ бир укуктары берилип жатат».
Бизнес коомчулуктун өкүлдөрү салык кодекси тагдыр чечүүчү кодекс экенин белгилеп, долбоор толук кандуу иштелип чыкпаганын сынга алып, ар бир тармактын өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү маселелерди талкуулап, мыйзамды экинчи окууга айтылган пикирлерди эске алуу менен кайрадан толуктап алып келүүгө жөнөтүштү.
Азыркы редакцияда эки негизги режим киргизилген: биринчиси, ири компаниялар төлөй турган жалпы салыктык режим; экинчиси, бирдиктүү салык төлөмү.
Бирдиктүү салык режими акча жүгүртүү, кызмат көрсөтүү же товар айлантуунун көлөмү жылына 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнестин ишмердигине киргизилип жатат. Бул режим бир гана салыктын түрүн төлөөгө жана бир гана отчёт тапшырууга шарт түзөт. Муну менен «Бир салык төлөөчүгө — бир салык» деген принцип ишке ашырылат.