Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда карашты. Жыйында жалпы эле Кыргызстандын салык саясатындагы, бюджеттеги, көмүскө экономикадагы жана бажы тармагындагы негизи маселелер көтөрүлүп, бир катар сунуштар айтылды. Жаңы салык кодексинин максаты жана өзгөчөлүктөрү боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.
Азыркы иштеп жаткан Салык кодекси 10-11 жылдан бери колдонулуп келе жатат. Бул аралыкта ага 130дан ашык өзгөртүү киргизилген.
Жаңы салык кодексинде салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштыруу, салык төлөөнү санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу сыяктуу беренелер камтылган. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев айтып берди.
«Кыргызстандын экономикалык деңгээлин жогорулатуу боюнча салыктык түшүүлөр 12%га азайып, көмүскө бюджеттин наркы жогорку деңгээлге — 40%га жетти. Бул жаатта көмүскөдөгү мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди жоюу максатында салык тартибин электрондоштуруу, электрондук патент, мобилдик капчыктар менен иштөө, санариптик карталарды түзүү, импорт товарларды маркалоо, кассалык машина аркылуу ишке ашыруу жана фискалдаштыруу саясатын санариптештирүү милдеттемелери камтылып, ишке ашырылары белгиленет».
Азыркы редакцияда эки негизги режим киргизилген: биринчиси, ири компаниялар төлөй турган жалпы салыктык режим; экинчиси, бирдиктүү салык төлөмү. 30 млн сомго чейинки акча жүгүрткөн компаниялар менен ишкерлер ушул бирдиктүү салык режимине өтө алат. Ал жерде бир гана салыктын түрүн төлөп, бир салыктык отчёт беришет. Бул ачык-айкындык үчүн Конституциянын чегинде жасалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров түшүндүрдү.
«Бул салыктын редакциясында ачык-айкындыкты камсыз кылышыбыз керек. Акыркы эле 4-5 айдын ичинде 1 триллион 222 млрд сом жүгүртүү болсо, ошонун 746 млрд сому бухгалтериясы боюнча патенттерге жабылып кеткен. А бизде андай деле чоң ишкерлерибиз жок. Ошондуктан биз азыр 30 млн сомго чейин такыр салык албай коелу деп жатабыз. Эгерде алардын электрондук эсеп фактурасы жана кассалык көзөмөл машинасы болсо, салык албайбыз. Биздин өкмөттөн болгон талап ушул гана болот. Анткени биз Кыргызстанга кирген бүт товарды көрө баштайбыз, виртуалдык кампа болуп калат. Андан чыкканда электрондук эсеп фактурасы менен башка өлкөгө чыгып кетиши керек, же Кыргызстандын ичинде кассалык көзөмөл машинадан чыгышы керек. Бул — салык төлөө боюнча конституциялык норма».
Жаңы кодекстеги каралган чоң өзгөрүүлөрдүн бири социалдык төлөмдөр кыскарат. Кыскартуу жумушчулардын санына жараша болот. Тагыраак айтканда, 15 адамдан ашкандан кийин төлөмдөр 14.25% болот. Анын 4%ын жумуш берүүчү, ал эми 10%ын жумушчу өзү төлөйт. Азыркы учурда ишкер субъекттери төлөгөн салык 38%га чейин барат.
Жыйында депутат Абдывахап Нурбаев буга чейинки салык кодексинде укук коргоо органдарында жана бажы кызматында иштегендердин баары киреше салыгынан бошотулганын айтып, жаңы кодексти ага кандай өзгөртүүлөр болгонуна кызыкты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул маселе мурдагыдай эле калтырылганын айтты.
«Мурдагыдай эле калып калды. Бирок менин жеке оюмда, баары бир быйыл болбосо, кийинки жылы Кыргызстанда бүт баары салык төлөшү керек. Мурунку Советтер Союзундагы системадан баш тартабыз. Сунуштарыңызды эске алып, киргизгенге аракет кылабыз».
Ал эми депутат Мирлан Жеенчороев Салык кодексинин жаңы долбоорунда салыктын түрлөрү кандай өзгөртүлгөнүнө кызыкты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев салыктар азайтылганын маалымдап, 8 салыктын түрү болсо, ал 7ге кыскаргандыгын билдирди. Тактап айтканда мүлк салыгы менен жер салыгы бириктирилип жатат.
«Бардыгы болуп салыктын 8 түрү бар болчу, азыр жаңы салык кодекси боюнча 7 салык киргизилип жатат. Башкача айтканда, эки салык бириктирилди. Кыскартылган салыктын бир түрү мүлк салыгы менен жер салыгы бириктирилип жатат. Алты жалпы мамлекеттик, бир жергиликтүү, 6 атайын режимдеги салыктар калтырылды».
Жаңы салык кодексинде салык төлөбөгөн ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчиликтери да кылдат каралат. Эгер кимге бул жагдай маселе жаратса, салыктан качкан тараптар чет өлкөгө сапарга чыгууда тоскоолдуктарга учурайт.
Жаңы салык кодексинде электрондук кызмат көрсөтүүлөрү да каралган. Башкача айтканда, GOOGLE жана «Яндекс» сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын (КНС) киргизүү сунушталууда.
Ушул жылдын 7-октябрында Экономика жана финансы министрлигинин сайтына жарыяланган долбоордун такталган редакциясында камтылган өзгөртүүлөр боюнча Эл аралык Ишкерлер Кеңеши бизнес-коомчулуктун атынан президентке кайрылуу жасаган. Анда алар жаңы Салык кодексинин сунуш кылынган долбоору бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жагынан өз максатына жете албаганын, айрым учурларда долбоор салык төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөткөнүн жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейткенин жазышкан.
Талкуудан соң мыйзам долбоорлордун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эгер «Салык кодексинин жаңы редакциясы» кабыл алынса, 2022-жылдан тартып күчүнө кирет.