Биз менен байланышыңыз

Принс Гарри жана Меган Маркл Netflix менен келишим түздү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 520 | 0

Падышалык ыйгарым укуктардан баш тарткан Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган Маркл Netflix менен көп жылдык келишим түзүштү. Бул тууралуу New York Times жубайлардын билдирүүлөрүнө жана стриминг кызматына таянуу менен жазат.

Гарри менен Меган даректүү кинолорду жана сериалдарды, көркөм тасмаларды жана балдарга арналган программаларды даярдай турган өндүрүш компаниясын негиздешти. Алар Netflix аркылуу гана көрсөтүлөт.

«Биз маалымат берүүчү жана үмүт берген контентти түзүүгө көңүл бурабыз. Ошондой эле, биз үчүн шыктандыруучу үй-бүлөлүк программаларды түзүү маанилүү», — деди жубайлар.

Гарри жана Мегандын Netflix менен түзүлгөн келишиминин суммасы ачыкка чыга элек. Акыркы айларда жубайлар Дисней жана Apple менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

The New York Times гезитинин эки булагы билдиргендей, болжол менен 100 миллион долларлык келишимди талкуулап жатышат.

2020-жылдын январь айында ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл британиялык королдуктардан баш тартуу ниетин билдиришкен.

Статусу өзгөргөнү жөнүндө жарыялангандан кийин, жубайлар алгач Канадага, андан кийин АКШга көчүп кетишкен. Июнь айында алар АКШнын мурунку президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишель менен өнөктөш болгон лекция жана коомдук сүйлөө агенттиги менен келишим түзүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM