Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтстин байлыгы 100 миллиарддан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 678 | 0

Билл Гейтстин байлыгы ушул жума ичинде 100 млрд. доллардан ашкан. Бул Microsoft акцияларынын кымбатташы менен түшүндүрүлгөн. Гейтс дүйнөдөгү бай адамдардын катарында экинчи орунду ээлеп келет.

Forbes Real-time сурамжылоо агенттигинин маалыматына ылайык, Гейтс байлыгы боюнча «Амазон» интернет компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостон кийинки орунда турат. Анын учурдагы байлыгы 153,2 млрд. долларды түзөт.

Бирок акыркы убактарда Безос жубайы менен ажырашкандыктан, мүлктү бөлүшүү иштери жүрүүдө. Азырынча жубайы Amazon компаниясынын төрттөн бир бөлүгүн алары айтылган. Ал 35 млрд. доллар деп эсептелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM