Биз менен байланышыңыз

Amazon’дун Германиядагы кызматкерлери иш таштоо жарыялашты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 511 | 0

Amazon компаниясынын Германиядагы бөлүмүнүн кызматкерлери эмгек акынын жогорулашын жана жумуш шартын жакшыртууну талап кылып, митингге чыгышты.

Verdi тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлиги алты борбордун кызматкерлерин 48 сааттан кем эмес иш таштоого үндөдү.

Рейнбергде 400-450гө жакын, Бад-Херсфельдде көптөгөн кызматкерлер иш ташташты. Башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери дагы чакырыкка кошулушту.

Verdi бир нече жылдан бери компаниядан кызматкерлердин жумуш шарттарын жакшыртууга кепилдик берген жаңы келишим түзүүгө үндөп келет.

Профсоюздун чакырыгы боюнча, Amazon кызматкерлердин ден-соолугун өз кызыкчылыгы үчүн тобокелге салып жатат. Verdi’инин өкүлү Орхан Акман компаниянын Германиядагы бир катар филиалдарында коронавирустун көбөйүп жаткандыгын айтты.

Бад-Херсфельдде 30-40 кызматкерде инфекция аныкталган. Amazon компаниясы коронавируска чалдыккан адамдардын так санын айткан жок.

Copyright © 2017 Maral FM