Биз менен байланышыңыз

Америка өкмөтү иш таштоону улантууда

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 724 | 0

АКШнын 15 министрлигинин тогузу иш таштоону улантууда, «шатдаун» дагы бир кыйлага созулары айтылууда. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

АКШнын Мексика менен чек арасына темир дубал тосууга бюджеттен каражат бөлүүгө макул болбой жаткан парламенттеги оппозициялык фракциянын тиренүүсүнө каршы бир катар министрликтер өткөн апта ишин токтоткон. Арасында Мамлекеттик департамент, Ички коопсуздук жана Транспорт министрликтери да бар. Президент Дональд Трамптын Твиттерден билдиришинче бул иш таштоолор опоозиция дубалдын бюджетин бөлүүгө макулдук бергенге чейин уланат.

Жалпы чыгашасы 5,7 миллиард долларга барабар болгон дубалды курууну Трамп президенттикке талапкер учурунда убадалаган. Ал мунун Мексика тараптан келчү баңгизат аткезчилигин жана адам уурдоо кылмыштарынын алдын алуу үчүн куруларын, чыгашасын Мексика тарап да көтөрөрүн билдирген. Жадагалса ал дубалды куруучу компанияны да таап койгонун, анын дизайны да даяр экенин көрсөтүп жарыялаган. Бирок кийин Акүйдүн аппарат башчысы Жон Келли план өзгөрүп, чек аранын үчтө бири гана тосуларын, Мексика каражат бөлбөй турганын ачыктаган.

Ошентсе да оппозициялык Демократтар фракциясы буга каршы добуш берип, өткөрбөй жатат. Жаңы жылдан кийин ноябрдагы шайлоодон жеңип чыккан демократтар парламентке келсе көпчүлүктү түзүп, бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болбой калары бышык.

Эске салсак, 2018-жылдан бери мындай «шатдаун»-өкмөттүн иш таштоосу үчүнчү ирет кайталанып жатат. Ар жолкусунда парламенттеги эки карама-каршы Республикачы жана Демократтар партияларынын бюджетти бекитүүдө бир пикирге келе албаганынын айынан пайда болгон каржылык кризис себеп болууда.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM