Биз менен байланышыңыз

Италияда 100гө жакын аба каттамдар токтотулду  

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 714 | 0

Бүгүн Италияда Alitalia компаниясынын 100дөй аба каттамы токтотулду. Буга авиатранспорт мекемесинин кызматкерлеринин иш таштоосу себеп болду.

Авиатранспорт кызматкерлеринин профсоюзу буга чейин 4 сааттык иш таштоо болорун эскерткен. ANSA агенттиги билдиргендей, Alitalia компаниясы окуяга байланыштуу 550 каттамдын 95ин аргасыздан токтоткон.

Авиакаттамдардын токтотулганына карабастан компания кардарларды башка каттамдар менен болсо да учууну сунуш кылат.

Токтотулган каттамдардын арасында Москва — Рим, Римден Москвага каттамы да бар. Мындан сырткары Лондон, Париж, Брюссель, Каир, Тель-Авив, Афины, Тиран жана ошондой эле ички маршруттагы каттамдар бар.

Профсоюз мүчөлөрү иштөөгө алгылыктуу шарттарды түзүү, улуттук келишимдин шарттары боюнча кепилдик талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM