Биз менен байланышыңыз

Сентябрдан тарта Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италияга виза берип баштайт

Кыска кабар | 8 мая 2021 | 512 | 0

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары Манлио Ди Стефано менен кечээ, 7-майда онлайн режимде жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, инвестиция, салык, билим берүү, маданият жаатында мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты. Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеген Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылдын октябрында Бишкекте өтө турчу «Европа биримдиги–Борбордук Азия экономикалык форумуна» катышууга чакырды.

Ал эми Ди Стефано Кыргызстандын Италиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттады жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын сентябрь айынан тартып Венгриянын Бишкектеги элчилиги Италияга виза берип баштайт.

Андан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча Кыргызстандын чыр-чатактуу маселелерди чечүүдө дипломатиялык ыкмаларды колонгону баса белгиленди.

Ди Стефано кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, Италия тарап колдоо көрсөтүүгө даярэкендигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM