Биз менен байланышыңыз

Италия депутаттардын санын кыскартууну чечти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 434 | 0

Италиялыктар референдумда парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталарындагы депутаттардын санын кыскартуу демилгесин колдошту.

Бирок эксперттер өлкөдө 2022-жылга чейин шайлоо өткөрүлбөй турганын айтышууда.

20-21-сентябрда Италияда өткөн референдумда респонденттердин 69,63% парламенттин эки палатасында — Сенатта (жогорку палата) жана Депутаттар палатасында (төмөнкү) өкүлдөрдүн санын кыскартуу демилгесин жактырышты. 30,37 пайызы каршы болгон.

Бул — бюллетендердин 99 пайызы иштетилгенден кийин жарыяланган аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы.

Ошентип, эң жогорку деңгээлдеги мыйзам чыгаруучулардын саны 945тен 600гө чейин кыскарат: депутаттар палатасы 630 орундун ордуна 400 орунга, ал эми сенат 315 орундун ордуна 200 орунга ээ болот.

Италияда мыйзам чыгаруучулардын санын кыскартуу демилгесинин негизги колдоочулары «Беш жылдыз кыймылы» партиясы.

Copyright © 2017 Maral FM