Биз менен байланышыңыз

Беларусияда жалпы иш таштоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 511 | 0

26-октябрда Беларуссияда жалпы улуттук иш таштоо башталды. Беларусиядагы оппозициянын лидери Светлана Тихановская өкмөт «элдик ультиматумду» аткарбай койгондон кийин жалпы улуттук иш таштоого чакырган.

«Гродно азот», Минск трактор заводу, Минск электротехникалык заводу, Минск дөңгөлөк заводу жана Белоруснефть сыяктуу бир катар мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери да иш таштоого кошулушту.

Жумушчулар өз ишканаларынын аймагында жүрүш жасашты. Айрымдары ишкананын аймагына кире бериште нааразычылыктарын билдиришсе, кээ бири жумушка чыкпай коюшту.

Куткаруучулардын унаалары мамлекеттик ишканалардын аймагына алынып келинди. Көптөгөн компаниялар өз ишин улантып жаткандыгын расмий билдиришти.

Иш таштоого бир нече жеке компаниялардын кызматкерлери да кошулушту. Бул компаниялардын айрымдары 26-октябрды эс алуу күнү деп жарыялашса, башкалар белгисиз мөөнөткө өргүүгө чыгышкан, калгандары техникалык себептерден улам жабылган.

Мындай компаниялардын катарына медициналык борборлор, дүкөндөр, барлар, кафелер, тил курстары, спорт залдары, туристтик агенттиктер, сулуулук салондору жана башка ар кандай тейлөө борборлору кирет.

Тихановская Беларусияда иш таштоо башталарын жарыялады

Copyright © 2017 Maral FM