Биз менен байланышыңыз

Тихановская Беларусияда иш таштоо башталарын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 332 | 0

Беларусиядагы оппозициянын лидери Светлана Тихановская бүгүн, 26-октябрда Беларуста жалпы улуттук иш таштоо башталарын жарыялады.

Анын айтымында, бийлик «Элдик ультиматум күнүндө» элдин талабын аткарган жок.

«26-октябрда жалпы улуттук иш таштоо башталат. Беларусь элинин сөзү мыйзам болгону үчүн ушундай кадамга барат. Мында тынчтыктын негизги куралы — биздин тилектештигибиз жардам берет», — деп айтылат Тихановскаянын билдирүүсүндө.

Тихановская «Мен өз ишимди гана токтотпостон, мыйзамсыздыкты жана адилетсиздикти токтотом» деген ураан астында иш таштоолорду өткөрүүнү сунуш кылды.

Тихановская жумушка барбоого гана эмес, ошондой эле жолдорду тосууга, мамлекеттик дүкөндөрдө соода кылбоого, мамлекеттик кызматтарды колдонбоого чакырды.

Ал: «Система чындыкты айтууга, өз сөздөрүнө жооп берүүгө жана элдин талаптарын аткарууга даяр эмес. Мен Беларусия эли бул системага татыктуу эмес деп эсептейм», — деп кошумчалады билдирүүдө.

Буга чейин Тихановская Беларусиянын учурдагы жетекчилигине бир нече талаптарды койгон. Алардын айтымында, президент Александр Лукашенко кызматтан кетиши керек, бардык саясий туткундар бошотулуп, күч органдарынын зомбулугу токтотулушу керек.

Бул талаптарды аткаруу мөөнөтү 25-октябрга чейин деп белгиленген. Тихановская белгилегендей, эгер андай болбой калса, 26-октябрда массалык иш таштоолор жана жол тосуулар башталмак.

Беларусиянын борбору Минск жана башка шаарларда 25-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирип, «Элдик ультиматум күнү» өткөн.

Nexta Live Telegramдын маалыматына ылайык, 100 миңден ашуун адам нааразычылык акциясына чыгышкан. Маалымат булактары кабарлагандай, коопсуздук күчтөрү аларга каршы курал колдонгон жана 300дөн ашуун адамды кармап кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM