Биз менен байланышыңыз

Тихановская Макрон менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын айтып берди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 351 | 0

Беларусиядагы оппозициячыл лидер Светлана Тихановская менен болгон жолугушууда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Беларусиядагы саясий кризисти жөнгө салуу боюнча диалогду уюштурууга жардамын убада кылды. Бул тууралуу жолугушуудан кийин Тихановская билдиргенин DELFI жазды.

«Ал (Макрон — ред.) өлкөбүздөгү саясий кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө жардам берүү үчүн бардыгын жасайбыз деп убада берди», — деди Тихановская.

Тихановская ошондой эле Макрон Беларусиядагы саясий туткундарды бошотууга жардам убада кылгандыгын айтты.

«Ал убакыт абдан маанилүү, анткени көптөгөн адамдар режимден жапа чегишет, түрмөлөрдө отурушат жана ал бардык саясий туткундардын бошотулушуна жардам берүү үчүн баарын жасайт», — деди Тихановская.

Шейшемби күнү эртең менен Тихановская менен Макрондун Вильнюста өткөн сүйлөшүүлөрү белгилүү болду.

Кечээ Тихановская Макрондон Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун режими менен диалогдо ортомчу болууну суранганы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM