Биз менен байланышыңыз

Тихановская Беларуссияга качан кайтып келерин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 376 | 0

Президенттик шайлоодон кийин Беларуссиядан чыгып кеткен Светлана Тихановская эгер өкмөт менен оппозиция сүйлөшүүлөрдү баштаса, өлкөгө кайтып келүүгө даяр экендигин билдирди.

«Сүйлөшүүлөр башталганда, бардык саясий туткундар бошотулганда, балдарым менен өзүмдү коопсуз сезгенде мен Беларуссияны бошотууга сөзсүз кайтып келем», — деди ал.

Тихановская Брюсселде Европада жашаган колдоочулары менен жолугушуп, ага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Европарламенттин имаратынын жанындагы Люксембург аянтына ондогон адамдар чогулуп, Беларуссиянын мурдагы президенттикке талапкерин колдошту.

Буга чейин Тихановская Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери жана Европарламенттин төрагасы Дэвид Сассоли менен жолугушкан.

Светлана Тихановская 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин коопсуздук максатында Литвага качып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM