Биз менен байланышыңыз

Италияда беткап режими киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 486 | 0

Эпидемиялык кырдаалдын курчуп бараткандыгына байланыштуу, Италиянын өкмөтү жарандарды бардык жерде, анын ичинде сыртта да беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу «Euronews» агенттиги жазды.

Өзгөчө кырдаалда жалгыз калганда, 6 жашка чейинки балдарга жана беткап кийүү ден соолугуна зыянын тийгизген адамдарга, ошондой эле ачык жерлерде спорт менен машыгуу учурунда гана уруксат берилет.

Беткап режимин бузгандыгы үчүн 400дөн 1000 еврого чейин айып пул каралган. Ошол эле учурда, бийлик жаңы өнөр жай жана экономикалык чектөөлөрдүн алдын алууга аракет кылып жатат, бирок жергиликтүү шарттарда кырдаалга жараша «кызыл зоналарды» киргизиши мүмкүн.

Буга чейин өкмөт өзгөчө кырдаалдар режимин 2021-жылдын 31-январына чейин узарткан.

Copyright © 2017 Maral FM