Биз менен байланышыңыз

Ирандык хакерлер тобу 200дөй компанияга кол салды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 880 | 0

Акыркы эки жылдын аралыгында дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун компанияларга Иран өкмөтү менен байланышы бар хакерлер тобу кол салышкан. Бул тууралуу 6-мартта Microsoft компаниясы изилдөөсүн жарыялагандыгын Deutsche Welle билдирди.

Кылмышкерлерден негизинен мунайгаз компаниялары, унаа куруучу инженердик компаниялар ошондой эле эл аралык Сауд Арабия, Индия, Америка Кошмо Штаттары, Германия сыяктуу өлкөлөр менен бизнес кылган чоң компаниялар жабыркашкан.

Microsoftдун маалыматына ылайык, жалпы зыян жүз миллиондогон долларларды түзөт.

Корпорациянын адистеринин айтымында, кол салуу Иран өкмөтү менен байланышы бар Holmium хакерлер тобу тарабынан ишке ашкан. Мындан тышкары, Holmiumдун атайын буйруктары менен APT33 хакерлер тобу тарабынан да кол салуулар болгон.

Айрым коопсуздук боюнча эксперттердин айтымында, учурда Тегеран АКШ тараптан күчөп жаткан кибер чабуулдарга каршы чараларды күчөтүү боюнча аракеттерди көрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM