Биз менен байланышыңыз

Иран чемпион балбанын өлүм жазасына тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2020 | 615 | 0

Ирандын 27 жаштагы жараны, грек-рим күрөшү боюнча чемпион Навид Афкарини сот өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу эл аралык басылмалар, ирандык маалымат каражаттарына таянып жазып жатышат.

Маалыматка ылайык, Афкариге 2018-жылы өткөн өкмөткө каршы митингдерде активдүү катышып, адам өлтүргөн жана бийликти кулатуу үчүн атайын топторду уюштурган деген күнөө тагылган.

Афкарини 12-сентябрь эрте менен үй-бүлөсү катышкан соттук процедуралардан кийин өлүм жазасына тартканын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Ирандын мындай кадамын көптөгөн спорт уюмдарын тынчсыздандырып, ага ырайым кылууну өтүндүрдү. Андан тышкары АКШнын президенти Дональд Трамп дагы өзүнүн твиттердеги баракчасына Ирандын бийлигине Афкаринин өмүрүн сактап, аны тынч койсо ыраазы болорун билдирген.

Ошондой эле кайрылуу менен UFC уюмунун жеткчиси Дана Уайт дагы кайрылуу жасаган:

Copyright © 2017 Maral FM