2020-жылы бир эле Кыргызстан эмес, дүйнө жүзү пандемиядан жабыркады. Жер жүзүндөгү бардык адамзаттын жашоосуна таасирин берген пандемия жылдын негизги темасы болду. Бирок мындан сырткары да дүйнөдө урунттуу окуялар орун алды.
2020-жылдын башталышында өзөктүү тема Австралия токоюн каптаган өрт тууралуу болуп турду. 2019-жылдын сентябрь айында башталган өрт 2020-жылдын январь айында дүйнө жүзүндө кыш өкүм сүрүп турганына карабай, эң жогорку чекке жетти. Өрт 20 миллион гектар жерди кара көөгө айлантып, 25 адамды жана миллиардан ашуун токой жандыгын өлүмгө дуушар кылды. Токой жандыктарынын адамдардан суу сураганы, өрттөн качканы боюнча тартылган видео, фото материалдар интернетке тарап, бүт дүйнөнүн жүрөгүн оорутту.
Жылдын башталышында Америка менен Ирандын ортосунда чыр чыкты. 3-январда Кошмо Штаттардын буйругу менен өлкөнүн башкы командири Касем Сулеймани өлтүрүлдү. АКШ президенти Дональд Трамп аны миллиондогон адамдын өлүмүнө күнөөлөп, өлтүрүү буйругу туура болгонун айтты. Иран буга жооп кылууга сөз берип, бир нече күндөн соң, Американын Ирактагы базасына сокку урду. Ракета соккусунан улам базадагы 80 аскер көз жумду.
Ал эми Иран генерал Сулейманинин өлүмүн өтө оор кабыл алды. Аны менен коштошуу зыйнатына 2 миллиондон ашык эл келди. Элдин көптүгүнөн тепсендиде калган 35 адам каза таап, 48 киши жаракат алды.
Арадан аз убакыт өтпөй Иранда дагы бир үрөй учурган кырсык катталды. 8-январда Тегеранда Украинага тиешелүү лайнер кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 167 жүргүнчү менен 9 экипаж мүчөсү каза болду. Башында четке какканы менен, кийинчерээк Иран бийлиги «Боингди» америкалык ракетага окшотуп атып алганын моюнга алды.
31-январда бир нече ирет артка жылдырылган Брекзит келишими акыры колдоо тапты. Тагыраагы, Британия бул күнү Евробиримдиктен бөлүнүп чыкты.
Полиция тарабынан өлтүрүлгөн кара терилүү 2 жарандын өлүмү дүйнөнү селт эттирди. АКШнын ондогон шаарларында расизмге каршы нааразычылык жүрүштөрү башталды. Бул жүрүш Европа өлкөлөрүн кучагына алды. «Black Lives Matter» («Каралардын өмүрү мааниге ээ») деген чакырык алдында Европанын бир нече шаарында өткөн жүрүштөр башаламандык менен коштолуп, полиция менен кагылышуулар болду. Бул кыймыл АКШдагы президенттик шайлоонун алдына гана туура келбестен, Америка коомундагы саясий терең ажырым күчөп турган маалга да туш келди.
Ошондой эле пандемия да дүйнөдөгү саясатчыларды ага ишенгендер жана ишенбегендер кылып, эки ача пикирге бөлдү. Мисалы, КМШ аймагынан Беларусь президенти Лукашенко муну саясий оюн атап, коронавирустан карантинсиз «кутулду».
Ал эми Түркмөнстан жана Тажикстан сыяктуу тоталитардык режимдеги өлкөлөр да башында коронавирусту четке какты. Бирок акыр аягында алар да карантиндик чараларды көрө баштады.
Ал эми Европада жалаң айымдар башкарган өлкөлөр пандемияны жайылтуунун алдын алып, кризис менеджер катары өздөрүн көрсөтө алды. Буга мисал катары Финляндия, Дания, Норвегия, Чехияны айтса болот.
Бирок коронавирусту башында көп көңүлгө албаган Италия, Испания жана АКШ өлкөлөрү эң көп жоготууларга учурады. Бул пандемия АКШ президенти Дональд Трампты да акыр аягында беткап кийүүгө мажбур кылды. Көп өтпөй Трамп менен анын жубайы Меланья коронавирус жуктуруп алышты.
Трамптан башка да бир топ өлкө башчылары аталган вирус менен ооруп чыгышты. Алсак, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Германия канцлери Ангела Меркель, Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон, Украина президенти Владимир Зеленский, бир топ футбол оюнчулар жана шоу-чөйрөнүн адамдарына да вирус тийбей өткөн жок.
Пандемияга байланыштуу көптөгөн иш-чаралар, анын ичинде дүйнөлүк уюмдардын жыйындары онлайн өттү. Алсак, 20 мамлекетти бириктирген «Чоң-20» саммити, БУУнун башкы ассамблеясы, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити, билим берүү системасы да дээрлик онлайн түргө өттү.
Ажылык сапарын жасоо да жылдагыдай болбой, быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчылар ажылыкка катыша алган жок. Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди. Адатта 180дей мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткаруу үчүн барчу. Быйыл он миң адамга гана зыярат кылууга уруксат берилди, алардын үч миңи – падышалыктын жарандары, калган жети миңи – өлкөдөгү чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер.
Жапониядагы олимпиада оюндары пандемияга байланыштуу артка жылдырылды.
Бирок пандемияга карабастан шайлоолор уланып жатты. Беларусия, Америка, Молдова жана башка бир топ өлкөлөр президенттик шайлоо өткөрдү.
Беларусиядагы президенттик шайлоодон кийин, тагыраагы, 10-августтун түнүнөн тарта өлкө нааразылык жүрүштөрдүн кучагында калды. Бул жүрүштөр милиция менен кагылышуу, кармап кетүүлөр менен коштолууда. Митингге чыккандар 6-ирет президент болгон Лукашенконун кызматтан кетүүсүн, кайра президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат.
Беларусиядан башка мамлекеттерде шайлоо жаңыланууну жарата алды десе болот.
Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өттү. Анда демократиялык партиянын талапкери Жо Байден жеңишке жетти.
Ал эми Молдовада орусиячыл президент Игорь Додондун башкы атаандашы болгон европачыл көз караштагы Майя Санду утуп чыкты.
Саясий темалардын башка окуяларга да көз чаптырсак:
4-августта болгон Ливандын Бейрут портундагы жарылуу кеминде 170 адамдын өмүрүн алып, жүз миңдеген тургун турак-жайсыз калды. Бул окуянын масштабы дүйнөнү нес кылды. Бийлик жарылууга алып келген 2 750 тонна аммоний нитраты портто алты жылдан бери сакталып турганын, ошол эле маалда эч кандай коопсуздук шарттары сакталбаганын айтты. Ансыз да пандемия жана экономикалык кризистен баш көтөрө албай турган өлкөгө бул өтө чоң сокку болду.
16-октябрда француз мугалими Самуэль Пати Мухаммед пайгамбарды мазактаган карикатураны окуучуларына көрсөттү деп айыпталып, чечен улутундагы жан кечтинин колунан каза тапты. Буга байланыштуу Франция президенти Эманнуэль Макрон исламга каршы катаал чараларды киргизерин, мечиттердин каржысын кыскартарын жар салып, өз өлкөсүн араб өлкөлөрү менен болгон соода карым-катышка бойкот жарыялоого чакырды. Макрондун бул жарлыгына Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жооп кылып: «Макрондун психикалык жактан дарыланууга муктаждыгы бар», — деди. Ошондой эле өз өлкөсүн француз товарларын сатып албоого, соода алаканы үзүүгө үндөдү. Түркия президентинин ачуу пикири Түркиянын Европа Биримдиги жана АКШ менен мамилесине да таасирин тийгизип, мунун кесепетинен түрк лирасынын кунун түшүрдү, тактап айтканда, бир күндө эле 1 АКШ доллары 8 лирага бааланып калды.
Макрондун мусулмандарга карата кабыл алган жарлыгына башка мусулман мамлекеттери да, айталы, Ирандын, БАЭнин, Чеченстандын президенттери, Орусия Мусулмандарынын муфтийи каяшасын айтып, Франциянын ырайынан кайтууга чакырык ташташты. Катаал чара киргизгенине карабай, Францияда жан кечтилердин чабуулу тыйылып калган жок, тескерисинче, «отко май чачып», андан кийин да алты адам террордун курмандыгы болду.
29-сентябрда Тоолуу Карабахта согуш башталды. 44 күнгө созулган согуш 10-ноябрга караган түнү Азербайжан, Армения, Орусия лидерлеринин үч тараптуу келишими менен токтотулду. Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдары Армения ээлеп алган аймактарын кайтарып алды. Тынчтык келишими Азербайжан тарап бир катар аймактарды ээлеп алган ийгиликтүү аскердик операциялардан кийин ишке ашты. Азербайжан 25 жыл мурун жоготкон аймактарын гана кайтарып албастан, байыркы жана өтө маанилүү саналган Шуша шаарын көзөмөлүнө алган. Азербайжанда Тоолуу Карабах боюнча келишимди жеңиш катары кабыл алышып, шаңдуу майрам өткөрдү. Ал эми бул келишимди жеңилүү катары кабыл алган Армения эли бийликке каршы нааразычылык акцияларын баштады. Премьер-министр Никол Пашиняндын бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразычылык дагы деле уланып келет.
Арменияга митинг, Азербайжанга майрам тартуулаган келишим
2020-жылдын 26-ноябрында спорт чөйрөсү эң чоң жоготууга учурады. Дүйнөлүк футболдун легендасы Диего Марадона 60 жашында каза тапты. Буга байланыштуу Аргентина бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялады.
Марадона менен кошо бир доор кетти
Коронавирус темасына кайтсак, Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү бийликти кайрадан дендароо абалга алып келди. 70 пайыз жугуштуу экендиги айтылган вирустун жаңы түрү тездик менен жайылып баратат. Вирустун мутацияланган түрү Британиядан башка мамлекеттерде да табыла баштады. Буга байланыштуу бир канча мамлекет Британия менен болгон байланышын убактылуу үздү.
Падемиянын пайдасын көргөндөр да болбой койгон жок. Маселен, Кытайда медициналык беткап, колкап жана антисептикалык каражаттарды чыгарган бизнесмендер миллиардерге айланды.
Жыл соңунда кубанткан жагдай катары коронавируска каршы вакциналардын эффективдүүлүгү аныкталып, бир топ мамлекет жапырт эмдөө баштады. Эгер элди эмдөө оң таасирин берсе, 2021-жылдын күз мезгилине чейин кадимки жашоого кайтабыз дейт айрым саясатчылар.