Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Лукашенко бийликтен оңою менен кетпейт

Дүйнө | 30 Ноя 2020 | 945 | 0

Аяздуу кыштын ызгаарына, милициядан токмок жегенине карабай, беларус эли кайрадан нааразычылык акциясына чыкты. Бул ирет митинг жаңы форматта өттү. Буга чейинки нааразычылык учурунда демонстранттар катуу соккуга кабылып, аларды массалык түрдө кармап кетүү орун алгандыктан, каршылыкка чыккандар адаттагыдай Минсктин борборуна чогулбастан, ар башка жерди өздөрүнчө борбор катары белгилеп, топ-топ болуп бөлүнүп, бийликке үнүн жеткирүүгө аракет кылды.

Ага карабастан күч түзүмдөрү 300дөн ашык адамды кармады. Ошондой эле өлкөнүн оппозициялык каналдары чагылдыргандай, күч түзүмдөрү нааразылыкка чыккандарды ур-токмокко алып, суу чачып, үндүү гранта жардырып таркатканын көрүүгө болот.

Бул арада өлкө президенти Александр Лукашенко жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан кийин кызматын тапшырарын айтты. Албетте, бул Лукашенконун алгачкы убадасы эмес. Буга чейин да кызматтан кетүү тууралуу сөз козголуп, бир нече жолу ар кандай убадалар менен элди сооротуп келген.

— Жаңы Конституция кабыл алынганда мен президент болбойм. Ошондуктан ызы-чуу чыгарбаңыздар, баарын тынч кабыл алыңыздар. Албетте бизге жаңы Конституция керек. Мени ойлонткону эч нерсе менен тааныш эмес жаңы президентке бул Конституцияны берүүгө болбойт. Бизде Башмыйзам өтө олуттуу. Казакстан, Орусия жана биздеги мыйзамда көп нерсе президенттен көз каранды.

Беларус саясатчысы Евгений Прейгерман Лукашенконун бул аракетин кезектеги тактика катары баалайт. Тагыраагы, эксперт Лукашенко бийликтен кетпесин айтат.

— Лукашенко президенттик кызматын тапшыруу боюнча акыркы убактагы окуялар болгонго чейин деле айткан. Анда ою бир аз позитивдүүрөөк болчу. Кийинки автомат көтөрүп алып, резиденцияда чуркап жүргөнүн эске алганда, анын оңою менен кетем деген ою жок. Акыркы айткандары канчалык ишке ашары күмөн. Ал окуяларга өзүнүн түшүнүгүнө жараша реакция жасап жатат.

Жаңы жылды Лукашенкосуз  тосуп алууну каалаган беларус эли 3 айдан ашуун убакыттан бери бийликти кетирүү аракетинде. Тагыраагы, 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык дагы эле уланып келет.

Ар жуманын демалыш күндөрү беларус жарандары 26 жылдан бери өлкө башында турган Александр Лукашенконун отставкага кетүүсүн жана августтагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, өлкөдө кайрадан президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM