Өзүн эгемен деп жарыялаган Тоолуу Карабах акыркы мүнөттөрдө дагы 28 аскери каза болгонун маалымдады. Буга чейин мерт кеткен 31 аскердин аты-жөнүн жарыялаган болчу. Алардын көпчүлүгү 2000-2002-жылы туулгандар. Каза болгондордун арасында аялдардын да аты-жөнүн кезиктирүүгө болот.
Ал эми Азербайжан акыркы болгон жоготуулардын расмий санын жарыялай элек. Буга чейин 19 аскери каза болгонун маалымдаган.
Эки тарап тең жоготуулар тууралуу бири-биринин маалыматтарын расмий айтылгандан бир топко көп экендигин белгилеп жатышат.
Учурда Армениянын Коргоо министри Давид Тоноян Карабахка барган. Атышууда 100дөй киши жарадар болгонун, алардын бир бөлүгү Ереванга жеткирилгенин айтты. Ал «контрчабуулдан улам душман оор жоготууга учурады, армия буга чейин колдон алдырган позицияларын кайтарып алды, Азербайжан 200 аскерин жоготту», деп билдирүү таратты.
Эки тараптын тирешинде жай тургундар курман болууда
Азербайжан армяндар аткан октон улам 6 жай тургун, 5 адамдан турган бир үй-бүлө менен дагы бир тургун өлгөнүн маалымдады. Ал эми Армения азербайжандын соккусунан бир аял менен жаш бала каза болгонун билдирди.
Тоолуу Карабахтын борбору Степанакертте ок атышуулар көпкө созулгандыктан, жай тургундар качып жүрүш күн өткөрүшүүдө.
Жаңжалды кайсы тарап биринчи баштады деген суроо жаралбай койбойт.
-Бүгүн эрте менен Армениянын аскерлери биздин бир нече аскер турактарыбызга жана жай тургундар жашаган аймактарга ок чыгарды. Анын кесепетинде аскерлер менен жай тургундар арасында да жоготуулар болду,- деген Азербайжан президенти Илхам Алиев бул нерсеге тийиштүү жооп кайтарарын айткан.
Кечээ калкка кайрылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан оор техникалык каражаттарды колдонуу менен согуш баштаганын, Армения да, жөн турбастыгын айткан.
—Азербайжандын душмандык аракети бүгүнкү күнгө жеткирди. Мындай окуянын болору белгилүү болчу. Алар оор техникалар менен согуштук аракеттерин баштады. Биз да буга жооп кылууга даярбыз.
Кыскасы эки тарап тең ок атуулар үчүн бири-бирин айыптоодо.
Учурда эки тарап тең өлкөсүндө аскердик абал киргизди. Ошондой эле Армения интернетти токтотуп, мобилизация жарыялады.
Өзүн эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах аймагында 27-сентябрга караган түнү ок атышуу болгон. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирүүдө.
Бул мамлекеттердин тирешине эл аралык дэңгээлде кандай реакциялар болуп жатат?
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бул маселеге чекит коё турганын айтып, Азербайжанды колдой турганын билдирди. Эрдоган «Армения оккупациялап алган Тоолуу Карабахта Азербайжанга каршы ок атууну токтотсо, бул аймакта тынчтык орун аларын» айтты.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян эл аралык коомчулукту Карабах жаңжалына Түркиянын аралашуусуна жол бербөөгө чакырган болчу. Акыркы мүнөттөрдө Армениянын президенти Армян Саркесян, Түркия түздөн-түз аралашып, ок атуучу куралдар менен Азербайжанга жардам берип жатканын айтып чыкты.
Евробиримдиги бул маселеде сырткы тараптардын аралашуусуна каршы экендигин билдирген.
Ал эми Орусия учурдагы маанилүү жагдай катары эки тараптуу атышууну токтотуу экендигин айтып, азырынча аскер жөнүндө сөз кылуудан баш тартты.
БУУ, Франция жана АКШ да Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотууга чакырды.
Тоолуу Карабахтын тарыхына токтолсок
Азыркы маалда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасын армян күчтөрү көзөмөлдөйт. Ал эми Баку аймак оккупацияланган деп санайт. Ереван болсо расмий түрдө анын көз карандысыздыгын тааныганы менен анын коопсуздугун өз кепилдигине алган. Тоолуу Карабахтагы армиянын бюджети Армения тарабынан каржыланат.
Азербайжан президенти Ильхам Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Карабахтагы жаңжалды жөнгө салуу — Азербайжандын тарыхый милдети» деп билдирүү жасап, бул маселени Азербайжан эли канааттана тургандай кылып чечиш керектигин айткан.
Эске салсак, 1988-жылы Тоолуу Карабах автономиялык облусунун Азербайжандан бөлүнүү аракетинен улам башталган Карабах чуусу алигүнчө токтой элек. 1991-жылкы куралдуу кагылыштардан кийин Азербайжан аймакка өкүмүн жоготуп, Тоолуу Карабах Республикасы түзүлүп калган. 1994-жылы Минск келишими боюнча куралдуу кагылыштар соңуна чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө. Ошол кезде 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.
Карабахтын эгемендигин колдогон Армения жана ага каршы болгон Азербайжандын ортосундагы солгун мамиле бүгүнкү күндөгү кандуу чырга жеткирди.