Биз менен байланышыңыз

Беларусияда эл кайрадан нааразычылыкка чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 810 | 0

Беларусияда саясий кризис уланууда. Жекшемби, 21-декабрда эл кайрадан нааразычылыкка чыкты. Бул ирет да алар топтолуп чыкпастан, Минсктин бир нече райондоруна чачырап, «Элдик трибуналдын жүрүшү» деп аталган жүрүш жасашты.

Беларусияда августтагы президенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралып, ар жекшемби сайын эл каршылык акциясына чыгып келет. БУУ августтан бери Беларусиядагы нааразычылык жүрүштөрүндө 27 миңден ашык киши кармалганын билдирген. Алардын айрымдары бат эле кайра бошотулса, айрымдары кыйноолорго туш болгон.

Нааразычылыкка чыккандар 6-жолу кайрадан президент болгон Александр Лукашенконун отставкага кетүүсүн жана августтагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, өлкөдө кайрадан президенттик шайлоону өткөрүүнү талап кылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM