Биз менен байланышыңыз

Молдова: Президенттик шайлоодо Майя Санду жеңишке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 644 | 0

Молдовада өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда өлкөнүн мурдагы премьер-министри Майя Санду жеңишке жетти. Ал өлкөнү төрт жыл башкарат.

Добуштар 98,69 пайыз эсептелип бүткөндөн кийин Сандуга ири шаарлар, ошондой эле Европа өлкөлөрүндөгү жаштар жана диаспоралар добуш беришкени маалым болду.

Ал эми учурдагы президент Игорь Додон экинчи мөөнөткө калуу үчүн айыл тургундарынан жана Орусиядан барган жарандардан колдоо алып, бирок добуштар жетишсиз болду.

Оппозициялык «Аракет жана тилектештик» партиясынын лидери Майя Санду 56,28 пайыз добуш алды, Игорь Додон үчүн жарандардын 43,72 пайызы добуш берди.

Майя Санду бир нече мүнөт журналисттердин алдына чыгып, ага добуш берген Молдованын бардык жарандарына ыраазычылыгын билдирди.

Ал көбүрөөк молдованча сүйлөп, бирок «Бул биздин жалпы жеңишибиз, мен өз командам жана добуш берүүгө катышкан бардык жаштар менен сыймыктанам», — деген сөздү орус тилинде айтты.

15-ноябрда Молдова өлкөсүндө президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү.

Ушул жылдын 1-ноябрында өткөн Молдованын президентин шайлоодо 9 талапкердин бири да жетиштүү добуш топтой алган эмес. Натыйжада шайлоочулардын 36,6 %ынын добушун алган Майя Санду жана 32,61 %ынын добушун алган учурдагы президент Игорь Додон экинчи айлампада ат салышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM