Биз менен байланышыңыз

Брексит келишими толугу менен колдоо тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 558 | 0

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Улуу Британиянын альянстан бөлүнүп чыгышын соңунда колдоп беришти. 27 мамлекеттен Брекзит келишимин жактырган электрондук каттар 30-январда келип түшкөнүн Европа кеңеши ырастады.

Бир күн мурда, 29-январда Европарламентте Британия уюмдан кандай шартта чыгарын аныктаган Брекзит келишими колдоо тапкан.

Эми Британия 31-январда түн жарымында Евробиримдиктен бөлүнүп чыгат. Андан соң 11 айлык өткөөл мезгил башталат. Бул убакыт ичинде Лондон менен Брюссель эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы кандай болору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Бул арада АКШ президенти Дональд Трамп Брексит ишке ашкан соң, Британия менен АКШ олуттуу ири соода келишимин түзө аларын белгилеген жайы бар.

Евробиримдикте 47 жыл мүчө болгон Британия бул уюмдан бөлүнүп чыккан алгачкы мамлекет болду.

Эске салсак, британ парламенти бир чечимге келе албагандыктан, 2019-жылдын 29-мартында аткарылышы керек болгон Брексит келишими бир нече ирет артка жылдырылган.

2016-жылдан бери Улуу Британияда Брексит маселесине байланыштуу өкмөт менен келише албаган 2 премьер-министр кызматтан кетти. Эгерде Брекситтин ишке ашуусу учурдагы өкмөт башчы Борис Жонсондун карьерасында эң ийгиликтүү кадам болуп калмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM