Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия июнда «Чоң жетиликтин» саммитин өткөрүүнү пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 985 | 0

Улуу Британия ушул жылдын 11-13-июнь күндөрү «Чоң жети» мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда жеке форматта кезектеги саммиттин өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун билдиргенин «Интерфакс» агенттиги жазды.

Улуу Британия ушул жылы «Чоң жетиликке» төрагалык кылат. Жонсон саммиттин негизги темасы коронавирус пандемиясынын кесепетинен кризиске кабылган дүйнөлүк экономиканы кризистен алып чыгуу жолдорун табуу экендигин белгиледи.

Саммитти өткөрүүгө Англиянын түштүк-батыш тарабындагы Корнуолл шаарындагы Карбис Бэй курорттук айылы тандалган. Ага Австралия, Индия жана Түштүк Корея чакырылган.

Британиялык «Sunday Telegraph» гезити Улуу Британия өкмөтүнүн саммитти «АКШнын президенти Жо Байдендин Европага сапарга баруусуна негиз болот» деп үмүттөнөрүн билдирди.

Жо Байден АКШнын президенти кызматына расмий түрдө 20-январда киришет. Өткөн 2020-жылы «Чоң жетиликтин» саммити алгач күзгө жылдырылып, кийин пандемияга байланыштуу болбой калган.

Copyright © 2017 Maral FM