Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда вирус жуктургандардын рекорддук чеги катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 602 | 0

Улуу Британияда өткөн суткада 6634 жаңы коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул — өлкөдө пандемия башталгандан бери катталган эң жогорку көрсөткүч. Бир күн мурун бул көрсөткүч 6,1 миңди түзгөн.

Интерфакстын маалыматы боюнча, ушул жумада премьер-министр Борис Жонсон британдыктарды COVID-19га байланыштуу экинчи жолу «тартипти жана чечкиндүүлүктү көрсөтүүгө» чакырды.

Жонсон буга чейин Англияда коронавируска каршы күрөшүү боюнча жаңы чектөө чаралары киргизилгенин, тактап айтканда, кеңсе кызматкерлерин аралыктан иштөөгө которууну жана түнкү саат ондон кийин пабдарга, барларга жана ресторандарга тыюу салгандыгын жарыялаган.

Жугуштуу инфекциялардын көбөйүшүнөн улам  Британиянын айрым супермаркеттери  элге эң керектүү товарларды, анын ичинде даарат кагазын жана дезинфекциялоочу гелди дагы чектеп жатышат. Жазында бул товарларга, ошондой эле жумуртка, макарон жана башка кээ бир товарларга суроо-талап жогору болгон. Азыр кампалардагы товарлардын запасы жетиштүү экендигине карабастан, соода түйүндөрүнүн администрациясы бул зарыл чара деп эсептейт.

Британияда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 415 миңден ашып, каза болгондордун саны 41 миңден ашты.

Copyright © 2017 Maral FM