Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда карантиндик мейманканалар иштелип чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 782 | 0

Карантиндик мейманканалар эпидемиялык абалы кооптуу өлкөлөрдөн падышалыкка келгендерге арналган. Мейманканаларга адамдар аэропорттон түз жеткирилет. Бул тууралуу «Euronews» телеканалынын баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, бийлик коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышына жол бербөөгө аракет кылып жатат. Бул калкты эмдөө өнөктүгүн бузушу мүмкүн. Кардарлар карантинге он күндү өз эсебинен өткөрүшү керек.

Премьер-министр Борис Жонсондун айтымында, Улуу Британияда калктын 22% дан ашыгы вакцинанын биринчи дозасын алышкан. Бийлик өнөктүктүн кийинки этабына киришти: вакцинация 65 жаштан 69 жашка чейинки жана ден соолугу начар адамдарга сунушталат.

Немис бийлиги коронавирустун жаңы түрүнөн коркууда. Чехия жана Австриянын федералдык Тирол штаты менен чек арада жекшемби күндөн тарта көзөмөл күчөтүлдү. Ушул убакыттын ичинде аталган аймактардан бери дегенде беш миң адам Германияга кире алган жок. Полиция аларды киргизбей койду.

Үйүнө кайтып келе жаткан Германиянын жарандары коронавирустук терс тестин тапшырып, келгенден кийин он күн бою өзүн изоляцияга алышы керек.

Италияда лыжа тебүүчү станцияларды иштетүүгө тыюу 5-мартка чейин узартылды. Мындай чечим Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы жетекчиси тарабынан кабыл алынып, 15-февралдан баштап пансионаттарды ачуу боюнча мурунку министрдин буйругу жокко чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM