Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 429 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Жассир менен жолугушту.

Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдарда эң негизги көйгөйлөр болуп, мөңгүлөрдүн эриши, суунун азайышы, кургакчылык, айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, табигый кырсыктардын тобокелдигинин жогорулашы, транспорттук унаалардан улам абанын булганышы болуп эсептелет.

Президент Кыргызстан 2030-жылга чейинки Улуттук деңгээлде аныкталган салымды кабыл алып, Париж келишимин жактаарын белгиледи.

Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкы менен айыл жана токой чарбасы, суу жана чакан энергетика чөйрөсүндө, энергетикалык инфрастуктураны жаңыртуу долбоорлору боюнча кызматташууну кеңейтүүнү колдоого даярдыгын билдирди.

Аны менен бирге Мамлекет башчысы Жашыл климаттык фонд, Климаттык инвестициялык фонд сыяктуу көп тараптуу механизмдердин алкагында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Президент Кыргызстанда ГЭСтердин, анын ичинде чакан ГЭСтердин курулушу башталганын белгилеп, бул багытта кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассир Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргызстан менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Ал мындан ары да кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын билдирип, өз эксперттерин Кыргызстанга жөнөтөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM