Биз менен байланышыңыз

Улуу Британия Украинаны колдоп, Кара деңизге эки кеме жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1009 | 0

Улуу Британия май айында Украина жана НАТОдогу өнөктөштөрүн колдоп, Кара деңизге эки флот кеме жиберерин билдирди. Бул тууралуу «Sunday Times» гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ракеталар менен куралданган 45-типтеги эсминец («Даринг») жана 23-типтеги фрегат («Дюк») Босфор аркылуу Кара деңизге барат. Аларды колдоо үчүн «Квин Елизабет» учак кемеси Жер Ортолук деңизде калат.

Буга чейин Америка деңиз флотунун эки кемесин апрелдин ортосунда Кара деңизге жөнөтөрү айтылган. Кийин кайра президент Жо Байден Орусия менен кошумча чыңалуу болтурбоо үчүн буйрукту жокко чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM