Биз менен байланышыңыз

Кыргыз делегациясы Глазго шаарына жеке учак менен барды

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 744 | 0

Мамлекет башчысы учуп жаткан ТУ-154 «Борт номер бир» Евробиримдик менен Улуу Британиянын техникалык нормаларына жооп бербейт, буга байланыштуу кыргыз тарапка өлкөгө бул типтеги учактарды кондурууга мүмкүн эместиги маалымдалган.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун талаптарына ылайык, Кыргыз делегациясын Глазго шаарына жеке учак менен алып баруу чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын делегациясы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына жана дүйнө лидерлеринин Саммитине катышат.

Аталган иш-чара жыл сайын өтүүчү аянтча болуп саналып, анда жогорку деңгээлдеги делегаттар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча зарыл болгон кийинки кадамдарды талкуулоо үчүн чогулушат.

Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына 30 миңден ашуун делегат, анын ичинде 120 дүйнөлүк лидерлердин, эксперттердин жана өкмөт кызматкерлеринин катышуусунда Улуу Британияда өткөн эң ири саммит болору белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM