Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Евразия Экономикалык Кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 468 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин жыйынына видеоконференция аркылуу катышат. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бир катар документтерди, алардын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжонууда.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүүнүн экинчи этабына өтүү маселесин жана евразиялык интеграциянын күн тартибинде турган башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM