Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Европада эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 565 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Майкл Райан Европа лидерлерине алдыдагы кыш мезгилине карата калктын аярлуу социалдык катмарын коргой турган катаал чечимдерди кабыл алчу мезгил келгендигин айтканын Би-Би-Си жазды.

Данияда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу бир катар чектөөлөр кайрадан киргизилген. Тактап айтканда, бар жана ресторандардын иштөө убактысы кыскартылды.

Францияда окуу жылынын башынан бери 28 мектепте балдар арасында Covid-19 оорусу катталгандан кийин 81 мектеп жабылды. Эки миңден ашуун класстан тышкаркы кошумча сабактар ​​жана ийримдер жокко чыгарылды.

Чехияда акыркы суткага карата антирекорд катталып, коронавирустун жаңы 1677 учуру аныкталды. Ооруканага жаткырылгандардын жана реанимацияга муктаж бейтаптардын саны кескин өсүүдө. Өлүм статистикасы жогорулап, өлкөнүн бийлигинин божомолу боюнча, Чехиядагы жалпы кырдаал март-апрель айларынын көрсөткүчтөрүнө жакындап баратат.

Өткөн жумада өлкөдө бир катар катуу чектөө киргизилген, бирок чехиялык дарыгерлер бул кадамдын таасири 2-3 жумадан кийин гана байкалып, ага чейин кырдаал күчөйт деп эскертишүүдө.

Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн элчилери жамааттык өлкөлөргө тышкы чек араларды ачууга уруксат берилген 10 чет мамлекеттин тизмесин өзгөрүүсүз калтыруу чечимин кабыл алышты. Аталган тизмеге АКШ жана Орусия кирбей калган.

Copyright © 2017 Maral FM